Мазмунга өтүү

Март

Википедия — ачык энциклопедия

← март →
Дш Шш Шр Бш Жм Иш Жк
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
2026-ж.

Жалган куран же март (лат. Mārtius mēnsis) — Юлиан жана григориан жылнамаасы боюнча жылдын үчүнчү айы. Жалган курандын узактыгы 31 күндү түзөт.

Түндүк жарым шарда жаздын метеорологиялык башталышы марттын биринчи күнүнө туура келет. 20 же 21-марттагы күн менен түндүн теңелиши Түндүк жарым шардагы жаздын астрономиялык башталышын, ал эми Түштүк жарым шардагы күз мезгилинин башталышын билдирет.

Март айынын узактыгы — 744 саат.

Тарыхы жана этимологиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалган куран — куран деп кыргыздар эликтин текесин аташкан. Курандар негизинен адырларды байырлайт. Бул күн жылып, бирок тоодо кар толугу менен кете элек учур болгон ала шалбыртта элик көзгө көрүнүп-көрүнбөйт, мергенчи чын эле куранбы же ургаачысыбы деп толук ишене албай тургандыктан айды "жалган куран" деп атаган. Мергенчилер жаздын алгачкы айында эликтин ургаачысына эч качан аңчылык кылган эмес жана негизинен эркегине (мергенчилер аларды башка айларда мүйүзүнөн айырмалаган) аңчылык кылышкан[1][2][3].

Март айынын аталышы эң байыркы Рим календарынын биринчи айы болгон Martius сөзүнөн келип чыккан. Ал согуштун кудайы жана анын уулдары Ромул менен Рем аркылуу Рим элинин түпкү теги болуп саналган Марстын урматына аталган. Байыркы Римде согушту баштаганга эң жакшы ай болуп эсептелинген, анткени согуш пири Марс көмөктөшөт деген ойдо болушкан[4].

Martius болжол менен б.з.ч. 153-жылга чейин Рим календарынын биринчи айы бойдон кала берген[5], айдын биринчи жарымында бир катар диний жөрөлгөлөр жана жаңы жылдык майрамдоолордон болуп турган. Антикалык доордун аягында да айларды чагылдырган римдик мозаикаларда кээде март айы биринчи ай катары белгиленип келген.

Орусияда XV кылымдын аягына чейин жыл 1-мартта башталган.

Иран же Эфиопия сыяктуу көптөгөн башка мамлекеттер жаңы жылдын башталышын март айында белгилешет.

Март — Түндүк жарым шардагы (Түндүк Америка, Европа, Азия жана Африканын бир бөлүгү) жаздын биринчи айы жана Түштүк жарым шардагы (Түштүк Америка, Африканын бир бөлүгү жана Океания) күздүн биринчи айы.

Март айында белгиленген Байыркы Рим салтанаттарына төмөнкүлөр кирет: 1-мартта, 14-мартта жана 17-мартта белгиленүүчү Agonium Martiale, 1-мартта белгиленүүчү Matronalia, 7-мартта белгиленүүчү Junonalia, 14-мартта белгиленүүчү Equirria, 14 же 15-мартта белгиленүүчү Mamuralia, 15-мартта жана андан кийин 22-28-март күндөрү өткөрүлүүчү Hilaria, 16-17-мартта белгиленүүчү Argei, 17-мартта белгиленүүчү Liberalia жана Bacchanalia, 19-23-мартта белгиленүүчү Quinquatria жана 23-мартта белгиленүүчү Tubilustrium (бул даталар азыркы учурда колдонулган григориан календарынын белгиленген күндөрүнө дал келбейт).

Башка аталыштары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Казак тилинде Наурыз деп аталат жана был термин казак тилине фарс тилинен келген жана "жаңы күн" деген маанини билдирет.

Финн тилинде бул ай maaliskuu деп аталат, ал maallinen kuu деген сөздөн келип чыккан деп эсептелет. Мааниси "жер айы" дегенди билдирет жана кышкы кардын астынан "жердин" биринчи жолу көрүнүшүнө шилтеме жасашы мүмкүн[6].

Украин тилинде бул ай кайың дарагын билдирген березень, ал эми чех тилинде březen деп аталат.

Март айынын тарыхый аталыштарына марттагы күн менен түндүн теңелишинен жана күндөрдүн бара-бара узарышынан улам саксондор берген Lentmonat кирет. Саксондор мартты ошондой эле өздөрүнүн Rhed-monat же Hreth-monath деп да аташкан, ал эми англичандар аны Hyld-monath деп аташып, кийин англис тилинде Lide болуп калган.

Хорватияда бул ай Ožujak деп аталат. Словенияда салттуу аталышы — sušec, бул "жерди иштетүүгө мүмкүн болгудай даражада кургаган ай" дегенди түшүндүрөт. Бул аталыш биринчи жолу 1466-жылы Шкофья-Лока кол жазмасында жазылган. Башка аталыштар да колдонулган, мисалы, brezen жана breznik — "кайыңдар айы".

Түрк тилиндеги Mart сөзү Марс кудайынын урматына берилген.

Тай тилинде бул ай มีนาคม деп аталып, мин-аа-ком деп айтылат жана "балыктардын келиши" дегенди билдирет.

  1. ↑ Кармыштегин Макелек Өмүрбөй уулу. "Кыргыз саресепчилиги: күн санак, ай санак, жыл санак"
  2. ↑ Касымбек Сейдакматов "Кыргыз элинин календарлык түшүнүгү"
  3. ↑ Спутник. Айлардын кыргызча аталышы жана чечмелениши
  4. ↑ Mary Beard, John North, Simon Price. Religions of Rome: Volume 1, A History
  5. ↑ Howard Hayes Scullard. Festivals and Ceremonies of the Roman Republic
  6. ↑ Uusi kielemme. The Meaning of the Finnish Months

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]